ЖАСА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кандайдыр бир жумушту иштөө, бүтүрүү, бир нерсени же бир буюмду иштеп чыгаруу, даярдоо. – Мага бер эми, калганын өзүм жасайын, – деди Жылдызкан (Байтемиров). Бир жагында бир тобу, Ылай жасап жатышат (Турусбеков). Турдукан сызмадан шырып басмайыл, куюшкан жасады (Бейшеналиев). 2. Бышыруу, ичүүгө же жегенге бир нерселерди даярдоо. Торсойгон кичинекей казанга Батыш жарма жасады (Байтемиров). Батыш күлчөтай жасап, жыгач табакка салып алып келет (Байтемиров). 3. Жаратуу, пайда кылуу. Таалайды элим жасадың, Тамчылап аккан каныңдан (Бөкөнбаев). Артта калган оюңду Токто, энеке, Кайта биздер жасарбыз (Турусбеков). Кайран өмүр жыйырма беш, Жашка барар болсочу, Кайран жанды кол менен, Жасап алар болсочу (Токтогул). 4. Жасалгалоо, кооздоп, иреттеп коюу. Болор жигит порумдап, Жасап коёт үйлөрүн (Токтогул). Айша үйдүн ичин жакшынакай кылып жасап койгон («Ала-Тоо»). 5. Кандайдыр бир иш процессинин, кыймыл-аракеттин ж. б. аткарылышын, жүзөгө ашырылышын, уюштурулушун билдирүүдө колдонулат. Тажрыйба жаса. Аракет жаса. Актылар боюнча сводка жасап, колуңузга кармата коюп отура берем (Убукеев). Кубанчыңа той жасап, Күлөр чагың, жеңеке (Нуркамал).